Өлкөдө кызылча жана кызамык жугузган учурлар көбөйүүдө


Өлкөдө кызылча жана кызамык жугузган учурлар көбөйүүдө

Вакцинирање за морбили на вакцинален пункт во Скопје / Vaccine measles Поделиться

  Өлкөдө кызылча жана кызамык жугузган учурлар көбөйүүдө share

С начала 2023 года в Кыргызстане зарегистрирован 41 случай кори и 6 — краснухи, это больше чем за весь прошлый год. Об этом сообщает пресс-служба Минздрава со ссылкой на данные Республиканского центра иммунопрофилактики.

Жыл башынан бери кызылча жана кызамык жугузган 47 бейтап катталды

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусу менен 41, кызамык (краснуха) менен алты бейтап катталды. Бул тууралуу 3-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммуннопрофилактика борборуна таянып билдирди. Илдетке кабылгандардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда (20). Андан кийин Бишкек шаары турат (8).

Маалыматта оорунун көбөйүшүнүн негизги себеби кызылча жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн азайышы, эмдөөдөн баш тарткандардын санына байланыштуу экени белгиленген. Аталган борбор бул ооруларга каршы эмдөө иштерин жүргүзүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда Тажикстанда (513), Түркия (286), Орусия (233), Казакстан (75) жана Британияда (56) киши кызылча жана кызамыкка чалдыккан.

Кызылча да, кызамык да аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдеттер. Аларды алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө. Кыргызстандын эмдөө календарына ылайык, балдар бул ооруларга каршы вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда алышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган.

Источник: www.centralasian.org

Яндекс.Метрика